ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Талапкерлердин саны алтыга жетти
2025-жылдын 2 -октябрында КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого азырынча алты арыз келип түштү.
Талапкерлер:
Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна — №23 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты, 1978-жылы 23-ноябрда туулган.
-
Мамадумаров Ахмеджан — №4 шайлоо округунан талапкер, пенсионер, 1957-жылы 17-октябрда туулган.
-
Абсатаров Азамат Асаттулаевич — №2 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин кызматкери, 1988-жылы 16-ноябрда туулган.
-
Керимбаев Мураталы Топчубаевич — №15 шайлоо округунан талапкер, 1976-жылы 16-декабрда туулган.
-
Карыбек уулу Улукбек — №24 шайлоо округунан талапкер, 1990-жылы 13-октябрда туулган.
-
Набиева Асель Бурхановна — №1 шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин кызматкери, 1983-жылы 8-октябрда туулган.
Эске сала кетсек, президенттин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнүнө дайындалган.
