Таласта 10-0,4 кВ аба чубалгысында 217,630 км  капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
13 февраль

Таласта 10-0,4 кВ аба чубалгысында 217,630 км капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Талас электр тармактар ишканасы 10-0,4 кВ аба чубалгысынын 217,630 км март айынан баштап капиталдык оңдоодон өткөрө баштайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. 

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында төмөнкү райондордо иштер жүргүзүлөт:

  • Талас шаарында 4 км аба чубалгысы,
  • Талас районунда 142,570 км аба чубалгысы,
  • Айтматов районунда 52,460 км аба чубалгысы,
  • Бакай-Ата районунда 18,600 км аба чубалгысы.

Ошондой эле, техникалык тейлөө иштери Талас облусу боюнча жалпы 3764,025 км 10-0,4 кВ аба чубалгысына жүргүзүлөт. Бул иштер Талас шаарында 267,189 км, Талас районунда 1083,165 км, Бакай-Ата районунда 615,439 км, Айтматов районунда 1143,118 км жана Манас районунда 655,114 км аба чубалгысы үчүн аткарылат.

Талас электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин март айынан баштап ноябрь айына чейин жүргүзүүнү пландаштырган.