Кыргызстанда авиакомпаниялар ИКАОнын жаңыланган стандарттарына өтүүгө даярданууда
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде аба кемелеринин эксплуатанттары болгон авиакомпаниялардын адистери менен КРАЭ-6 Авиациялык эрежелерине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жолугушуу «КРАЭ-6. I бөлүк. Коммерциялык аба транспорту. Учактар. Аба кемелерин эксплуатациялоо» Авиациялык эрежелерине киргизилип жаткан негизги өзгөртүүлөр менен кеңири таанышууга жана аларды талкуулоого арналды.
Кеңешменин жүрүшүндө авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө аба кемелеринин эксплуатациялык документтерин жаңы талаптарга ылайыкташтыруу, Учуу өндүрүшүн жүргүзүү боюнча колдонмолорго өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле жаңы ченемдердин күчүнө кирүү этаптарын сактоо маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында жаңыланган ИКАОнун стандарттарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында жөнгө салуучу орган менен авиакомпаниялардын конструктивдүү кызматташууга даяр экендиги белгиленди.
