"Европага жумушка орноштурам". Баткенде жарандарды 900 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды
Баткен ОИИБ
3 сентябрь

"Европага жумушка орноштурам". Баткенде жарандарды 900 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды

Баткенде бир нече алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды.

Облустук милициядан кабарлашкандай, Баткен шаарынын жана Баткен районунун бир нече тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Алар2025-2026-жылдар аралыгында Баткен районунун 43 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну жарандарды “Европа мамлекеттерине жөнөтүп, жумушка орноштурам” деп ишенимине кирип, ар кандай өлчөмдөгү акча каражаттарын алып, изин жашырып кеткендигин билдиришкен.

Аталган фактылар боюнча арыздар Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Тергөө иштеринин натыйжасында арыздаруучуларга жалпысынан 900 миң сомго жакын чыгым келтирилген.

Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен районунун 43 жаштагы Ж.Б. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эгерде жогоруда аты аталган жарандан жабыр тартып, алданып калган жарандар болсо, Баткен ШИИБге төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Телефон номерлери: (03622) 5-00-68; 102; +996 774 778 688