ТИМ депутат Бекешевго жооп берди: Миграция маселелери боюнча 62 миңден ашык кыргызстандык кеп-кеңеш алды
13 февраль

ТИМ депутат Бекешевго жооп берди: Миграция маселелери боюнча 62 миңден ашык кыргызстандык кеп-кеңеш алды

КР Тышкы иштер министрлиги депутат Дастан Бекешевдин Жогорку Кеңештин 12-февралындагы жыйынында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандары туш болгон кыйынчылыктарга байланыштуу билдирүүсү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Белгилүү болгондой, Россия Федерациясында акыркы айларда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган миграция жаатында түрдүү мыйзам долбоорлору демилгеленип, кабыл алынган. Россия Федерациясынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарындагы маанилүү өзгөртүүлөр Россия Федерациясынын аймагында анын мыйзамдарын бузуп менен жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге, чет өлкөлүк бардык жарандарга тиешелүү.

Россия Федерациясынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору күчүнө киргенден бери министрлик бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери менен бирдикте жарандарга зарыл болгон укуктук жана консулдук колдоо көрсөтүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Тактап айтканда, бардык багыттар боюнча, анын ичинде кыргыз диаспоралык бирикмелеринин жана Кыргызстандын Россиядагы ардактуу консулдарынын ресурстарын пайдалануу маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн.

Жалпысынан Кыргызстандын Россия Федерациясындагы чет элдик өкүлчүлүктөрү кыргыз диаспоралык бирикмелери менен 237 иш-чара өткөрүп, 31 интервью берип, 372 пресс-релиз жарыялашкан. Ыкчам байланыш телефондору жана социалдык тармактар аркылуу жарандардын 62 178 оозеки кайрылуусу каралган.

Андан тышкары 12 680 кайрылуу чатбот аркылуу кабыл алынып, каралып чыккан. Жарандардын жеке суроо-талаптары компетенттүү дипломатиялык жана консулдук кызмат адамдары тарабынан жеке негизде жана ыкчам тартипте каралат.

Ушундай эле маалымат иштери Кыргыз Республикасынын аймагында да жүргүзүлүүдө. Министрлик тарабынан өзүнчө иш планы түзүлүп, анын алкагында мамлекеттик органдарды, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы өкүлчүлүктөрүн, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдү тартуу менен мекендештер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында консулдук маселелер боюнча 241 пресс-релиз жана маалыматтык билдирүү жарыяланган.

Мындан тышкары, бул тема боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына 36 интервью берилди.

2024-жылдын декабрында жарандар менен байланыш механизмин жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде күнү-түнү иштөөчү Жарандардын кайрылууларын кароо боюнча борбору ишке киргизилген.

«Ыкчам байланыш» номери аркылуу борбордун кызматкерлери консулдук маселелер боюнча консультациялык жардам көрсөтүү менен чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарга 24/7 режиминде жардам беришет. Алсак, Борбор ачылгандан бери жарандардын 3392 кайрылуусу каралып, анын 1004ү телефон чалуулар, WhatsApp аркылуу 2025, Instagram аркылуу 8, Telegram аркылуу 43, Facebook аркылуу 320, электрондук почта аркылуу 3 кайрылуу.

Орус тарап менен өз ара аракеттенүүдө Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрүү шарттарын жеңилдетүү маселеси кыргыз  тарабынан бардык деңгээлде ырааттуу көтөрүлүп, миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдар ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин принциптерине карама-каршы келбеши керек экендигине басым жасалууда. Мындан тышкары, ЕЭК алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жеңилдетүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн алууга багытталган иштер да жүргүзүлүүдө.

Министрлик Россия Федерациясынын бийлиги менен эки тараптуу саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Белгилей кетсек, бул маселе Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин ушул жылдын 21-22-январында Россия Федерациясына болгон расмий иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн.