Сергей Лебедев КМШ башкы катчысы болуп кайрадан дайындалды
Сергей Лебедев 2026-жылдын 1-январынан 2028-жылдын 31-декабрына чейин дагы үч жылдык мөөнөткө КМШнын башкы катчысы болуп дайындалды. Мындай чечим 2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Сергей Лебедев 2007-жылдын 5-октябрында КМШнын Аткаруу комитетин жетектеген. КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин чечимине ылайык, КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу катчысы болуп дайындалган.
2023-жылдын 1-январынан тартып КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими менен КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасынын – Аткаруучу катчысынын кызмат орду “КМШнын Башкы катчысы” болуп өзгөртүлдү.
