Токтогул районунда менчиктештирилген социалдык объекттер жана жайыт жерлер мамлекетке кайтарылды
Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан жер жана мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, бир катар социалдык объекттер жана жайыт жер мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.
Тактап айтканда, базар баасы 1 473 750 сомду түзгөн Э.Иманалиев айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 0,4 гектар жер тилкеси жана 22,56 чарчы метр имараты, базар баасы 500 850 сомду түзгөн Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Ак-Тектир айылында жайгашкан социалдык маанидеги 0,15 га жер тилке, базар баасы 1 358 108 сом түзгөн А.Суеркулов айыл аймагындагы 0,20 га жайыт жер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен.
Келтирилген прокурордук актылардын негизинде жалпы баасы 3,3 миллион сом түзгөн мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер жана имараттар мамлекеттин эсебине кайтарылды.
