Бишкектин айрым аймактарында 25-декабрда таза суу жок болот. Карта
23 декабрь

Бишкектин айрым аймактарында 25-декабрда таза суу жок болот. Карта

Бишкектин айрым аймактарында 25-декабрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

1) Турусбеков  көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
2) Жибек Жолу, Держинская,  Баялинов  көчөлөрү  Ала-Арча дарыясына чейин жана Жибек Жолу проспектиси.

Күрөңкеев  көчөсүндөгү D-400 мм суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.