Тармактык комитет «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
9 сентябрь

Тармактык комитет «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. 

Демилгечи – депутаттар Арсланбек Эгембердиев, Бакытбек Марипов, Айжигит Тыналиев, Шаирбек Ташиев, Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору менен комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырып, ал жарандардын менчикке болгон укуктарын коргоо жана алдамчылык жосундарын жасаган адамдардын жазасыз калбашын камсыздоо максатында иштелип чыкканын белгиледи. 

Талкуу маалында депутат Алишер Эрбаев өлкөдө интернет алдамчылыгына байланышкан кылмыш иштери токтобой жатканын белгилеп:

«Жогорку Кеңеш январь айынан бери Укук бузуулар жөнүндө кодекске 24 жолу өзгөртүү киргизди. Алардын басымдуу бөлүгү алдамчылыкка тиешелүү. Шылуундардын көбү азыр абактардан чыгууда. Бул жаатта тийиштүү иштерди алып барып, жазаларды аткаруу мекемелерине уюлдук телефондордун киришин катуу көзөмөлгө алыш керек», – деди. 

Депутат Айсулуу Мамашова акча табуунун ар кандай жолдорун убадалаган күмөндүү компанияларды текшерүү боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү мындай компанияларга көп жарандар акчаларын салуу менен алданып калып жатканын белгилеп, алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды. 

Комитет мүчөлөрү мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы экинчи окууда карап, жактырды.

Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен үй-бүлөлүк зомбулук актысын жасаган адамдардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын кеңейтүүгө багытталган.