Жалал-Абадда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Тактоо иштери жүрүүдө
КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 19:44тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Жалал-абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Учурда КР Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөө катталган аймакта атайын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
