Бишкектин Ленин районунда 26 көчө капиталдык оңдоодон өтүп жатат
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Бишкектин Ленин районунда 26 көчө капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Бишкектин Ленин районунда 26 көчөдө жолдорду капиталдык оңдоо жана куруу иштери башталды. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Ленин райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Жоомарт Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге жалпы узундугу 37 чакырымга жакын болгон 36 көчө киргизилген.

Токтосуновдун маалыматына ылайык, иштердин баштапкы этаптары болжол менен 70 пайызга аткарылды. Учурда объектилерде бордюрлар орнотулуп, жолдун негизи даярдалып жана тыгыздалып, тротуарлар курулуп, асфальт төшөлүүдө.

Көчөлөрдү тандоодо мектептердин жана бала бакчалардын жанындагы тилкелерге артыкчылык берилүүдө.

Айрым иштер муниципалдык аймактарды мыйзамсыз ээлеп алуу, ошондой эле электр линияларын, газ түтүктөрүн жана суу түйүндөрүн көчүрүү зарылдыгынан улам кечеңдеп жатат.