Ошто милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды
Ошто милиция кызматкерине пара сунуштаган жаран кармалды, де билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Милициянын маалыматына караганда, 27-майда Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБнүн) кызматкерине “А.” аттуу жаран айып короосунда токтоп турган автоунаасын чыгаруу үчүн 4 миң сом акча каражатын сунуштаган.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде ошол эле күнү КР КЖКнын 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө, 2004-жылы туулган Ош шаарынын тургуну А.А. аттуу жаран кызматтык бөлмөнүн ичинде милиция кызматкерине 4 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.
Учурда бул кылмыш иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
