Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты
24 февраль

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты

2025-жылдын 13-февралда, Биринчи май РИИБге З.Д. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда, “Д.” аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн, себеби 2024-жылдын 21-декабрында ишкердик жасап көбөйтүп берем деген шылтоо менен анын 27 миң АКШ доллары турган “Лексус” жана 15 миң 500 АКШ долларын түзгөн “Hyundai Sonata” үлгүлөрүндөгү автоунааларын ээлеп алган. Кийин байланышка чыкпай, жүргөн жерин жашырган.

Аталган факт боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Д.Д. аттуу жаран аныкталып, кармалган, ал Тергөө кызматына жеткирилген жана Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы аныкталууда.