Стамбулда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
2 октябрь

Стамбулда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Мрамор деңизинин аймагында жер титирөө болуп, анын күчтүү силкинүүсүн Стамбулдун тургундары сезишти. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы билдирди.

Түркия бийлигинин маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти.

Ал жергиликтүү убакыт боюнча 14:55те Marmara Adasi аралынын жанында катталган. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги тайыз болгондуктан, силкинүү эпицентрге жакын жерлерде күчтүүрөөк сезилген.

Шаар тургундарынын айтымында, үйлөрдө жана кеңселерде эмеректер чайпалып, айрым адамдардын арасында дүрбөлөң чыккан. Стамбулдун батыш тарабындагы ресторандарда отурган адамдар убактылуу сыртка чыгып кетишкен.

Коопсуздук кызматкерлери жер титирөө чоң аймакта сезилгенин белгилешүүдө, бирок жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча түшө элек.