Эми президентке «Түндүк» тиркемеси аркылуу кайрылса болот
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Президентке кайрылуу» жаңы кызматы ишке кирди. Эми кыргызстандыктар смартфон аркылуу президент Садыр Жапаровго түздөн-түз электрондук кайрылуу жөнөтө алышат.
Жаңы кызмат жарандарга кагаз түрүндөгү кайрылууларды даярдабастан, почта аркылуу жөнөтпөстөн жана президенттин администрациясына жеке барбастан арыз берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бардык кайрылуулар тиркеме аркылуу электрондук форматта кабыл алынат.
Колдонуучулар кайрылуусуна маселенин маңызын тастыктаган расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка материалдарды тиркей алышат. Жөнөтүлгөндөн кийин кайрылуу расмий каттоодон өткөрүлөт.
Ошондой эле арыз ээси кайрылуунун каралуу жүрүшүн тиркеменин өзүндө онлайн режиминде көзөмөлдөй алат.
Бул кызматты колдонуу үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемесин акыркы версиясына чейин жаңыртып, башкы беттен «Президентке кайрылуу» бөлүмүн тандоо жетиштүү.
