ӨКМ эскертет! Күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз
1 февраль

ӨКМ эскертет! Күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз

Суук мезгилде үйдө өрт чыгуу коркунучу күчөйт. Көп учурда бул электр жабдууларын пайдалануу жана меш жылытуу эрежелерин бузуудан башталат.

  • мешти күнүнө 3-4 жолу бир жарым сааттан ашык эмес жылытуу;
  • мештин жанына отун сактабаңыз, анын үстүнө кийимдерди кургатпаңыз;
  • дубалында жана морунда жарака кеткен, бузулган мешти колдонбоңуз;
  • жылыткычтарды эмеректердин жанына койбоңуз;
  • электр энергиясына ашыкча күч келтирбеңиз;

Күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз, аларга көзөмөлдү балдарга тапшырбаңыз.