Абайлаңыз! Салык кызматы алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет
24 февраль

Абайлаңыз! Салык кызматы алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет.

МСКдан кабарлашкандай, шылуундар Салык кызматынын жетекчилигинин атынан мессенджерлер аркылуу кайрылып, колдонуучулардын жеке маалыматтарын алууга аракет кылышат.

"Алар ар кандай манипуляциялык ыкмаларды колдонуп, Салык кызматынын кызматкерлеринин атынан жардам берүүнү сунушташат. Ар кандай алдамчылык схемалары менен болгон байланыш жеке маалыматтарды же акча каражаттарын жоготууга алып келиши мүмкүн.

Өзүн Салык кызматынын кызматкери катары тааныштырган адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө. 

Салык кызматы бардык салык төлөөчүлөрдү шылуундардын айла-амалдарына түшүп калбоо үчүн сак болууга жана абайлоого чакырат.