Кыргызстанда 1-августтан тарта ички каттамдарга учак билеттери кымбаттайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Кыргызстанда 1-августтан тарта ички каттамдарга учак билеттери кымбаттайт

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 1-августтан тарта айрым ички каттамдар боюнча авиабилеттердин баасын жогорулатат.

Компания тарифтердин кайра каралышын Кыргызстанда авиациялык күйүүчү майдын кымбатташы менен түшүндүрдү. Июль айынын жыйынтыгы боюнча күйүүчү майдын баасы 32% өскөн. Ал авиаташуулардын өздүк наркынын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

Бишкек – Ош багыты боюнча авиабилеттин баасы бир тарапка 4 миң 100 сомдон 6 миң 500 сомго чейин түзөт.

Бишкек – Манас багыты боюнча учуунун баасы бир тарапка 4 миң 100 сомдон 5 миң сомго чейин болот.

Билеттин акыркы баасы сатып алуу күнүнө, каттамдын жүктөлүшүнө жана тиешелүү тарифтик класстагы орундардын жеткиликтүүлүгүнө жараша аныкталат.

Авиакомпаниядан белгилешкендей, баалардын өзгөрүшү каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыздоо, учактарды коопсуз пайдалануу жана тейлөө сапатын сактоо үчүн зарыл.

«Асман Эйрлайнс» мындан ары да ички каттамдардын маршруттук тармагын өнүктүрүп, Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы аба байланышын камсыздоону улантарын билдирди.