Токтогул районунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, алты адам каза болду
видеодон алынган кадр
3 сентябрь

Токтогул районунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, алты адам каза болду

Токтогул районунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, алты адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 2026-жылдын 1-сентябрында болгон.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында кырсыктан жети адам каза болгону тууралуу маалымат тараган. Бирок милициянын расмий маалыматына ылайык, жол кырсыгынан алты адам көз жумган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле интернетте видеокаттоочу түзмөккө тартылган жол кырсыгынын видеосу тарады. Анда Kia үлгүсүндөгү жеңил унаа менен HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын кагылышканы тартылган. Кадрлардан жеңил унаанын озуп өтүү учурунда каршы тилкеге чыгып кеткени жана андан кийин жүк ташуучу унаа менен кагылышканы көрүнөт.

Кырсыктын бардык жагдайлары жана себептери тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.