Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьери Олжас Бектеновдун тар курамда жолукту
24 февраль

Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьери Олжас Бектеновдун тар курамда жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен тар курамдагы жолугушуусу болду. 

Жолугушуу башталаардын алдында тараптардын биргелешип сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин президенттери буга чейин аныктаган кыргыз-казак кызматташтыгынын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча жетишилген байланыштарды, макулдашууларды максималдуу алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. 

Мындан тышкары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-отурумун жана Аймактар аралык форумдун 2-отурумун өткөрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуунун комплекстүү планына кол коюу сыяктуу жана башка актуалдуу кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. 

Ал эми кеңейтилген курамдагы МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарында кызматташуу маселелери кенен сүйлөшүлөт.