IATA Кыргызстанга жарандык авиацияны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берет
30 июль

IATA Кыргызстанга жарандык авиацияны өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берет

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Аталган агенттиктен кабарлашкандай, жолугушуу 29-июлда Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү келечегин, ошондой эле мамлекеттик агенттик менен IATAнын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар жарандык авиация тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, эл аралык аба каттамдарынын тармагын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жер үстүндөгү тейлөөнү өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле авиация тармагындагы адистерди сертификаттоо жана алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

IATA өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында жетишилген оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, тармактын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда эксперттик жана консультациялык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.