Коррупцияга аралашкан аскер кызматкерлери кармалды
Аскер кызматы тарабынан аскер кызматкерлери кармалды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 24-февралында коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жана УКМК тарабынан Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондук комиссариаттарында кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада шектүү кызмат адамдары кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул райондук комиссариаттардын кызматкерлери мыйзамсыз жол менен аскердик кызматтан бошотуу үчүн чакырылуучулардан жана алардын жакындарынан системалуу түрдө акча алып келишкени, ошондой эле мобилизациялык резервдин тизмесине катышуучуларды киргизүү үчүн пара талап кылышкандыктары аныкталды.
Кылмыш иштин тергөөсү Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
