Бишкектин борборундагы мушташтан кийин төрт эркек милицияга жеткирилди
13 июль

Бишкектин борборундагы мушташтан кийин төрт эркек милицияга жеткирилди

2025-жылдын 12-июль күнү болжол менен саат 21:27 чамасында «102» кызматына Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече адам мушташып жатат деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери барып, жагдайды тактап, коомдук тартипти бузууга тиешеси бар жарандарды милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Алар:
• К.Т., 1989-жылы туулган,
• Б.А., 1997-жылы туулган,
• О.К., 1989-жылы туулган жана
• Б.С., 1989-жылы туулган.

Бул жарандардын ар бири Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча административдик жоопкерчиликке тартылып, тиешелүү протоколдор түзүлдү жана Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын бейпилдигин сактоо максатында бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө. Коомдук тартипти бузгандарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.