Түркмөнстан ишкана кеңсе жана офсеттик кагаздарды Кыргызстанга экспорттоону пландоодо
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Түркмөнстан ишкана кеңсе жана офсеттик кагаздарды Кыргызстанга экспорттоону пландоодо

Түркмөнстандын Ахал облусунун Гөктепе этрабындагы ишкана кеңсе жана офсеттик кагаздарды Кыргызстанга экспорттоону пландап жатат.

Завод 2025-жылдын июнь айында ишин баштап, учурда Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Азербайжан, Пакистан жана Арменияга продукция экспорттоодо. Кийинки багыттар катары Кыргызстан менен Грузия белгиленген.

Ишкана А4 жана А3 форматындагы кеңсе кагаздарын, ошондой эле ар түрдүү тыгыздыктагы офсеттик кагаздарды чыгарат. Заводдун жылдык долбоордук өндүрүш кубаттуулугу 14,4 миң тоннаны түзөт.

Жаңы окуу жылынын алдында өндүрүш көлөмү эки эсеге көбөйтүлүп, айына 600 тоннадан 1,2 миң тоннага жеткирилди.

Август айында Өзбекстанга мектеп окуу китептерин, дептерлерди жана альбомдорду басып чыгарууга колдонулуучу 135 тонна офсеттик кагаз жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, Тажикстанга 68 тонна, Иранга 275 тонна продукция жеткирилет. Ошондой эле Казакстанга А4 форматындагы 48 миң барак кагаздын алгачкы партиясын жөнөтүү пландалууда.

Ишканада белгилешкендей, биринчи кезекте Түркмөнстандын ички рыногунун муктаждыгы камсыздалып, андан кийин экспорттук партиялар даярдалат.

Өндүрүш үчүн целлюлоза Португалиядан, Бразилиядан, Австриядан, Испаниядан жана Түркиядан сатып алынат. Балдардын окуу адабияттары үчүн чыгарылган кагаздын актыгы, бекемдиги, жылмакайлыгы жана боёкту бир калыпта сиңирүү касиетине өзгөчө көңүл бурулат.

Продукция автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу жеткирилет. Завод өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүнү жана жаңы рынокторду өздөштүрүүнү улантууну көздөөдө.