Бишкек шаарынын топографиясы санариптик форматка өткөрүлөт
30 июль

Бишкек шаарынын топографиясы санариптик форматка өткөрүлөт

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгында топографиялык-геодезиялык иштерди санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери боюнча “ТИМ КРЕДО” компаниясынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өттү.

Жолугушууга башкармалыктын начальнигинин орун басары Арсен Кыдыралиев, шаардык аткаруу тартуу (ГИС), топография жана шаар куруу кадастры бөлүмүнүн начальниги Иманбек Чороев, ошондой эле тиешелүү бөлүмдөрдүн адистери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө топографиялык-геодезиялык иштерди автоматташтырууга, инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарын иштеп чыгууга, топографиялык пландарды даярдоого жана тиешелүү маалыматтар менен иштөөгө багытталган “КРЕДО ТОПОГРАФИЯ” программалык комплекси тааныштырылды.

Аталган программалык чечимдерди киргизүү топографиялык маалыматтарды иштеп чыгуу процессин жакшыртууга, геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө жана шаар куруу тармагындагы маалыматтарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантуу жана мындан аркы өз ара аракеттенүү багыттарын талкуулоо боюнча макулдашышты.