Бишкекте сөз талашып мушташа кеткен кыздар кармалды
7 июль

Бишкекте сөз талашып мушташа кеткен кыздар кармалды

Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө кыздардын ортосундагы сөз талаш мушташка айланып кеткен учур чагылдырылган жарыя аныкталган. 

Милициянын маалыматына караганда, аталган факт боюнча маалымат Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган К.Э. жана М.А. аттуу жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Аталган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, андан соң алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Топтолгон материалдар кароо үчүн сотко жөнөтүлөт.

Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, айланадагылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого, коомдук жайларда жана турак жай аймактарында мыйзамсыз аракеттерге, чыр-чатактарга жана жарандардын тынчтыгын бузууга жол бербөөгө, ошондой эле тынчтыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча белгиленген талаптарды сактоого чакырат. Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертет.