Баткен: чек ара бекеттеринин айланасын жакшыртуу шарттары талкууланды
Баткенде чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарына чектеш аймактардын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана айланасын көрктөндүрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, аким-мэрлер, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Бактыбек Токсонбаев бул багытта долбоордук-сметалык документтерди, каржылык экономикалык негиздемелерди даярдоо, алдыдагы жылдардын республикалык бюджетине долбоорун киргизүү боюнча тапшырмаларды койду.
Ошондой эле «Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек араск аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер болуп саналган башка жерлерде товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби жөнүндө» министрлер Кабинетинин токтомун аткарууга алууну тапшырды.
