“Ал бир гана биздин комитетке келбейт!” – Кожогулова Алмаз Бакетаевге нааразы
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети бүгүн, 9-сентябрда 2024-жылы Республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу Финансы министрлигинин отчетун карады.
Депутат Гуля Кожогулова финансы министри Алмаз Бакетаев адаттагыдай эле, орун басарларын – доклад жасоочуларды жөнөтүп, өзү келбей койгонун билдирди.
“Ал биздин гана комитеттин жыйынына клебейт. Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет болуп туруп өзүбүз регламентти бузуп жатабыз. Каралчу маселе өтө олуттуу. Эмнеге министр катышпашы керек?” – деди ал.
Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбаева министр жыйынга чакырылганын, кат жолдонгонун жана ал дарегине жеткенин билдирди.
Гуля Кожогулова министр келгиче, маселени күн тартибинен алып турууну сунуштады эле, ал комитеттеги депуттардын колдоосун тапкан жок.
