Чүй облусунда өткөрүлгөн “Коопту жүк” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө 1950 литр күйүүчү май алынды
5 август

Чүй облусунда өткөрүлгөн “Коопту жүк” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө 1950 литр күйүүчү май алынды

2025-жылдын 23-июлунуан 5-августуна чейин Чүй облусунун аймагында “Коопту жүк” аталышындагы рейдтик иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Чүй облусунун ички иштер органдарынын жана облустун Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, аталган иш-чара жол жээгиндеги мыйзамсыз соода-сатык менен алектенген жарандарды аныктоо жана жол жээктерин иретке келтирүү максатында жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жол жегинде мыйзамсыз соода-сатык менен алектенген 12 факт аныкталып, 1950 литер күйүүчү май алынып аларга карата 247 500 сом айып пул салынган.

Бүгүнкү күндө облус аймагындагы жол жээктерин иретке келтирүү максатында мыйзамсыз соода-сатык менен алектенген көрүнүштөргө жол бербөө максатында иш-чаралар уланууда.