Адылбек Касымалиев биринчи расмий сапары менен Казакстанга келди
24 февраль

Адылбек Касымалиев биринчи расмий сапары менен Казакстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга расмий сапары менен келди. 

МинКаб Төрагасынын борту Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин желектери илинип, ошондой эле ардакдуу кароол тизилген. 

Расмий сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат. 

Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.