13 июль
«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекетинин имаратынын кире беришиндеги өзгөрүүлөр
Аэробекеттин имаратын кеңейтүү боюнча курулуш иштеринин жүрүшүнө байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексине кирүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Имараттын борбордук кире бериши реконструкциялоо иштери аяктаганга чейин жабылды.
Азыр аэробекетке ички каттамдарды тейлөө залы тарабынан гана кирүүгө болот. Ал жаңы унаа токтотуучу жайдын бет маңдайында аэробекет имаратынын оң жагында жайгашкан.
Жакынкы арада жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн биринчи кабаттан кошумча чыгуучу эшик ачуу пландаштырылууда.
Жүргүнчүлөрдөн аэропортко келерде бул өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз. Аэропорттун жетекчилиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөт.
