«Саламат жүрөк» жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы күрөшүү боюнча Улуттук программа тааныштырылды
29 ноябрь

«Саламат жүрөк» жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы күрөшүү боюнча Улуттук программа тааныштырылды

2025-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата «Саламат жүрөк» Улуттук программасынын расмий презентациясына арналган тегерек стол болуп өттү.

Программа жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТО) боюнча алдын алуу, эрте диагностика жана көзөмөл жүргүзүүнү камтыган Улуттук профилактикалык системаны түзүүгө багытталган – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө түп-тамырынан жаңы көз караш сунуштаган кардиологиялык кызматтын жаңы модели. Программанын негизинде интеграцияланган ыкма, санариптик трансформация, адилеттүү жеткиликтүүлүк, бейтапка багытталган мамиле, илимий жана кадрдык трансформация, экономикалык туруктуулук, саламаттыкты сактоого салымдардын кайтарымдуулугуна негизделген модель, ошондой эле инновациялар жана өнөктөштүктөр турат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, адистер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Программанын негизги багыттары көрсөтүлдү. Алардын катарына «Ден соолугнду текшер!» санариптик модулун жана мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу сегиз саламаттык параметри боюнча маалыматтарга негизделген check-up мобилдик тиркемесин колдонуу менен интеграцияланган профилактика жана тобокелдиктерди стратификациялоо; CardioNet системасын пайдалануу жана үлгүлүү райондук оорукана түзүү менен баштапкы звенодо ЖКТОну эрте аныктоо жана көзөмөлдөө; регионалдык жүрөк-кан тамыр борборлорунда (КАТЛАБ) коронарография, стент коюу жана миокарддын курч инфаркты жана башка оор жүрөк-кан тамыр оорулары менен келген бейтаптарга толук циклдеги ыкчам жардам көрсөтүү аркылуу жогорку технологиялык медициналык жардамга жеткиликтүүлүк; ошондой эле академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында Улуттук кардиологиялык эксперттик борбор түзүү менен эл аралык медициналык стандарттарды киргизүү кирет.

Программа өлкөдөгү күтүлгөн өмүр узактыгын 75 жашка жеткирүүнү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон өлүм көрсөткүчүн 2030-жылга карата 25%га кыскартууну, артериялык гипертонияны көзөмөлдөөнүн деңгээлин 20%га жогорулатууну, алдын алса болчу оорулардан улам майып болууну азайтууну, ошондой эле бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо тутумунда комплекстүү жана сапаттуу медициналык кызматтарды камсыздоону, калктын маалымдуулугун жогорулатууну жана коопсуз жана эффективдүү өмүргө зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жогорулатууну камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө Программанын практикалык ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«“Саламат жүрөк” Улуттук программасы кагаз жүзүндө гана калган документ болбой, жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштеген инструмент болушу керек. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген бааларга ылайык, Программанын ишке ашырылышы жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана дарылоо тутумун кыйла бекемдөөгө жана көптөгөн өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүндүк берет. Сөз жыл сайын миңге чейин, 2030-жылга чейин беш миңге чейинки мезгилсиз өлүмдөрдүн алдын алуу тууралуу болуп жатат».

КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, жүрөк-кан тамыр оорулары өлкөдө өлүмдүн негизги себеби бойдон калууда – бардык учурлардын жарымынан көбүн түзөт жана системалуу, комплекстүү жана узак мөөнөттүү мамилени талап кылат. Ал «Саламат жүрөк» программасы кардиологиялык кызматтарды жана бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө интеграцияга, санариптештирүүгө, илимий потенциалды жогорулатууга жана калктын медициналык жардамга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүнө негизделген жаңы мамилени билдирерин баса белгиледи. Министрдин айтымында, 2030-жылга чейин ар бир жаран, жашаган жерине жана киреше деңгээлине карабастан, өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Министр өнөктөштөргө, адистерге жана кесиптештерине ыраазычылык билдирип, программаны ишке ашырууну колдоого жана биргелешкен ишти улантууга чакырды. Ал бүгүнкү жолугушуу Программанын максаттарына жетүү жолундагы маанилүү этап экенин белгиледи.