Өзбекстандын жарандары Кыргызстан аймагында визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат
Өзбекстандын жарандары Кыргызстан аймагында визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Мында өлкөдө мыйзамдуу жүрүү үчүн сапардын максатына карабастан, жашаган жери боюнча каттоодон өтүү милдеттүү.
Каттоону эки жол менен жүргүзүүгө болот: мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы аркылуу онлайн же жеке өзү каалаган Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу аркылуу.
Мекеменин маалыматына ылайык, каттоо бир жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.
Эгер жаран Кыргызстанда 60 күндөн ашык убакыт болууну пландаса, анда тиешелүү визаны тариздеп, каттоосун белгиленген тартипте узартуусу зарыл.
