Гуля Кожогулова Финансы министрлиги менен “достошкон” бюджеттик мекемелерге каражат жакшы бөлүнөөрүн кыйытты
9 сентябрь

Гуля Кожогулова Финансы министрлиги менен “достошкон” бюджеттик мекемелерге каражат жакшы бөлүнөөрүн кыйытты

Депутат Гуля Алманбетова Финансы министрлиги бюджеттик мекемелерди кандай “принципте” каржылай турганына кызыкты. 

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтты. 

“Бизде белгилүү – каржылоо акыркы убакта ачылат. Аны ишке ашырууга 3-4 ай гана калат, бул убакыт аралыгында баары эле жөндөп, өздөштүрүп кете албайт. Ушундай практика Финансы министрлигинде дагы деле барбы же жойдуңуздарбы?” – деп сурады депутат. 

Финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев азыр 100 пайыз өз убагында каржылоо жүрүп калганын белгиледи. 

“Андай маселе азыр жок. 100 пайыз убагында каржылайбыз, бюджеттик мекемеден табыштама келери менен каржылап берүүдөбүз. Казынада азыр калдык абдан жакшы, мурдагыдай кассалык ажырым жок. Акыркы 2 жылда ушундай. Мисалы, былтыр 98,3 пайыз каржыласак, быйыл 98,2 пайыз каржыладык. 1,7 – 1,8 айырмачылык – бул бюджеттик мекемелерден табыштама түшпөгөнүнө байланыштуу”, – деди Аманбаев. 

Депутат Финминдин отчетундагы бюджеттик мекемелерди каржылоонун пайызын мисал келтирип, министрлик менен “достошкон” мекемелерге көбүрөөк каржылоо жүргүзүлүп жатабы деген күмөнүн ачыктады. 

“Отчетто жазылып турат, Илимдер академиясы 72 пайыз гана каржыланыптыр, Акыйкатчы институту такыр эле ылдый – 72 пайыз. Негизи кандай принцип менен каржылоо жүрөт, же Финансы министрлиги менен “достошконуна” карайбы? “Алтын балалык” балдар реабилитациялык борбору болгону 69 пайыз каржыланыптыр. Биз балдардын дарылануусун качан жакшыртасыңар, толук кандуу жүргүзөсүңөр деп сурап жатабыз. Саламаттыкты сактоо министрлигин чакырсак, алар айтат “кечирип койгула, бизди 69 пайыз гана каржылашты” деп. Мен сот системасын, укук коргоо тармагын айтпайм, мени саламаттыкты сактоо жааты кызыктырат”, – деди Кожогулова. 

Буга Үмүтжан Аманбаев баары бюджеттик мекемелердин өзүнүн суроо-талабынан болоорун айтуу менен жооп берди. 

Ал белгилегендей, 2011-жылдан тартып автоматташтырылган маалымат системасы киргизилген жана бюджеттик мекеме ал аркылуу каржылоо боюнча табыштама берет. Финансы министрлиги ага ылайык, ай сайын кайсы бир сумманы чегерет. Андан кийин ал каражатты беренеге бөлүп кароо, планды бекитүү жана кассалык айырмачылыкты чыгаруу ошол мекеменин өзүнөн көз каранды.