Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда
Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны азаюуда, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2025-жылдын 8-жумасында (17.02.25 - 23.02.25-ж.) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 082 учуру жана сасык тумоонун 60 учуру катталган, мурунку жумага салыштырмалуу (07-жума и.к. 153,1) -6,6% га төмөн. Ооругандардын 5,1%ы (520 адам) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалып, эң көп таралган риновирус - 27,4%, респиратордук синцитиалдык вирус - 27,1%, аденовирус - 12,8%, I-IV парагрипп - 11,9%, башка вирустар - 20,8% (анын ичинде метапневмовирус - 2,2%).
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 59,6% - A/(H1N1(2009)), В түрүнүн айрым учурлары - 36,1% жана 4,3% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду.
