Бишкекте эки аял автобус айдоочусуна кол салышты
5 август

Бишкекте эки аял автобус айдоочусуна кол салышты

2025-жылдын 2-август күнү болжол менен саат 12:40 чамасында И.Т. аттуу жаран Ленин райондук ИИБге кайрылып, ал башкарып жаткан учурда эки белгисиз аял транспорт каражатынын жүрүшүнө орой түрдө тоскоолдук кылышканын билдирген. Алар сөгүнүп,кийиминен жулмалап, көйнөгүнүн топчусун жулуп алышкан.

Бул факт Ленин райондук ИИБдин МЭЖге катталган. Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Бул окуя боюнча материалдар коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүлүп берилген. Текшерүү учурунда эки аялдын жеке өздүктөрү такталды. Алардын бири – 1965-жылы туулган К.С. аттуу жаран экендиги аныкталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.

Экинчи катышуучу – 1991-жылы туулган К.Т. аттуу жаран боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт. Азыркы учурда ал Бишкек шаарынан сыртта болгондуктан, зарыл болгон процессуалдык аракеттер анын кайтып келгенден кийин жүргүзүлөт.