Самаган Мырзаибраимов муфтийдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Эмгек жолу
Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин биринчи орун басары болуп Самаган ажы Мырзаибраимов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Самаган Мырзаибраимов Мухаммад Аноркуловдун ордуна келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу иштен бошотулган.
Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович тууралуу:
- Билими: жогорку
- 1999-ж.ж.; ОшМУ, теология факультети
- 2006-ж.; Түркия, Эл аралык мамилелер боюнча магистр
- 2008-ж.ж.; Түркия, Анкара университети, Ислам укугу, PhD-доктор
- 2011-ж. Саясат таануу илимдеринин кандидаты
- 2015-ж. доцент
- Квалификацияны жогорулатуу курстары:
- “Педагогика жана психология предметтери боюнча билимин өркүндөтүү”, Бишкек шаары, 2017-ж.
- «Сертификат по стандартам организации бухгалтерского учета и аудита иламских финансовых учреждений (AAOIFI)», Бишкек шаары, 2024-ж.
- Эмгек тажрыйбасы:
- 2008 – 2010-ж.ж. Окутуучу, ОшМУ;
- 2010 – 2013-ж.ж. Ага окутуучу, Кыргыз-Түрк Манас университети;
- 2013 – 2019-ж.ж. ОшМУнун теология факультетинин деканы;
- 2019 – 2022-ж.ж. «Ыйман» фондунун төрагасы;
- 2019-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
- 2024-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы КМУда доцент.
