Сузакта уруксаты жок соода борбору жана курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн курулушу башталган
26 июнь

Сузакта уруксаты жок соода борбору жана курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн курулушу башталган

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Сузак районунун Бек-Абад айылындагы Сыдыков көчөсүнүн 109 жана 136 даректеринде жайгашкан эки кабаттуу соода борборунун жана курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары сакталбагандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, аталган объектилерде курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Ошондой эле объекттер мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду.

Натыйжада жарандар А.К.А. жана Г.П.С. карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде административдик чаралар көрүлүп, айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш компанияларын курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын сакталышын так камсыздоого чакырат.