Бишкек: Мыйзамсыз курулуп жаткан жатакана боюнча чара көрүлдү
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын, Турусбеков көчөсү 64 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу жатакананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары сакталбагандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, аталган объектиде курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Ошондой эле объект мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан иштеп жаткандыгы белгилүү болду.
Натыйжада “Янцзы” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде административдик чаралар көрүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш компанияларын курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын сакталышын так камсыздоого чакырат.
