Telegram Казакстанда жасалма интеллект лабораториясын ачат
2 октябрь

Telegram Казакстанда жасалма интеллект лабораториясын ачат

Астанада Digital Bridge 2025 эл аралык форуму өтүп жатат, анда Telegramдын негиздөөчүсү жана башкы директору Павел Дуров негизги коноктордун болгон.

Дуров пленардык жыйындагы сөзүн тамаша менен баштады:

"Көптөгөн ийгиликтүү адамдар Казакстанга аял издеп келе жатканын айтышты. Тилекке каршы, мен бул максат менен келген жокмун. Мен жасалма интеллект тууралуу сүйлөшкөнү келдим".

Андан кийин ал маанилүү демилгени жарыялады: Alem AI имаратында Telegram`дын жасалма интеллект лабораториясын ишке киргизүү.

"Бир жыл мурун биз Казакстанда биринчи аймактык Telegram кеңсебизди ачканбыз. Бүгүн мен адистештирилген жасалма интеллект лабораториясынын ишке киргендигин жарыялоого абдан кубанычтамын. Биз биринчи кезекте Telegram менен Казакстандын Жасалма интеллект министрлиги тарабынан түзүлгөн суперкомпьютердик кластердин биргелешкен долбоорун ишке ашырып жатабыз. Бул технология миллиарддан ашык адамга AI функцияларын жашыруун, эффективдүү жана ачык колдонууга мүмкүндүк берет. кластер бул тармак үчүн эсептөөчү кубаттуулуктун биринчи ири провайдери болуп калат», - деп баса белгиледи Дуров.