Таласта жаңы соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды
2 октябрь

Таласта жаңы соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” соода жана оюн-зоок борборунун курулушу менен таанышты.

Аталган борбор Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде курулууда. Курулуштун жалпы аянты – 17 000 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Соода жана оюн-зоок борборунун эскиздик долбоору Талас шаардык Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.

Учурда курулуш объектисинде жер казуу (котлован) иштери активдүү жүрүп жатат.