Көкүлов депутаттарды “жазылбаган мыйзамдардан” баш тартып, тазаланууга чакырды
18 февраль

Көкүлов депутаттарды “жазылбаган мыйзамдардан” баш тартып, тазаланууга чакырды

Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин ичинде жазылбаган мыйзамдар бардыгын жана аны жокко чыгаруу керектигин билдирди. 

Айтымында, бүгүн – Жогорку Кеңеш үчүн дагы тазаланууга эң сонун мүмкүнчүлүк. 

“Бизде жазылбаган мыйзамдар болгону үчүн акыйкатсыздык орноп турат. Акыйкаттыкка келбейлиби? Мисалы, бул жерде комитеттердин төрагалары, депутаттык топтордун жетекчилери, вице-спикерлер бар. Кээ бири бир күн дагы мамлекеттик жумушта иштеген эмес же Кыргызстанга пайдасын тийгизип жиберген көрүнүктүү инсан да эмес. Бирок даражалуу орунда отурат. Мунун баары так ушул жазылбаган мыйзамдан улам”, – деди депутат. 

Көкүлов парламенттештерин калыстыкты карманууга чакырды. 

“Бизде азыр тазаланууга мүмкүнчүлүк болуп турат. Бардык вице-спикер, комитет төрагаларынын, депутаттык топтун башчыларынын эмне себептен ошол даражага ээ болгонун изилдеп чыгалы. Коомчулукка да уялбай ачык айткыдай жүйө болсун”, – деди ал.