Талас шаарында жол жана тротуар куруу иштери кызуу уланууда
5 август

Талас шаарында жол жана тротуар куруу иштери кызуу уланууда

Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 14 көчөгө узундугу 54 чакырым болгон тротуар басуу пландалган. Бүгүнкү күндө анын ичинен 6 көчөгө тротуар салынып толугу менен аяктады. Алар:

  • Ш.Шеркулов көчөсү
  • К.Жаманкулов көчөсү
  • И.Сарыгулов көчөсү
  • Үмөт Молдо көчөсү
  • Ж.Рыскулов көчөсү
  • Больничный көчөсү

Калган көчөлөрдө тротуар куруу иштери улантылууда жана келишимге ылайык, 2025-жылдын 20-августуна чейин бүткөрүү пландалган.

Мындан сырткары, шаардын жолдорун оңдоо боюнча да иштер уланып, борбордук аянтка асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Талас шаарында жалпы 30 км жолго асфальт төшөлгөн.

Бул иштер шаардын көркүн арттырып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган