Ош ОИИБ: Ноокат районунун аймагына адамдын жүзүн таануучу видеокамералар орнотулат
5 август

Ош ОИИБ: Ноокат районунун аймагына адамдын жүзүн таануучу видеокамералар орнотулат

Бүгүн, 5-август күнү Ноокат РИИБдин башчысы Жуманазар Орозбаев баштаган Ноокат районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештин төрагалары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун Түштүк аймагы боюнча санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты.

Аталган бөлүмчөнүн жетекчиси Салмоор Шералиев конокторго учурда бул кызматка жүктөлгөн кызматтык милдеттерди жана кызматкерлердин жаңы санарип ыкма менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгү менен тааныштырды. Аны менен катар Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндөгү" №60-Мыйзамында жана "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" №103-Мыйзамында белгиленген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн милдеттерин айтып өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө РИИБ башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарын айтып өттү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коопсуздукту заманбап, санарип ыкма менен камсыз кылуу демилгесин колдоого алышып, учурда иштеп жаткан видеокамераларды жүзүн таануучу видеокамераларга алмаштыруу боюнча ИИМдин тийиштүү кызматкерлери менен макулдашып, берилген ыйгарым укуктарына жараша иш алып бара тургандыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде, “Коопсуз шаар долбоору” толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. Анын алкагында облустун бардык райондорунда коомдук жайларга жүздү таануучу видеокамераларды орнотуу улантылат.