Кыргызстанда бир жумада 518 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда 17синен 23-февралга чейинки аралыкта 24 миң 804 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгыкабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 844;
- мас абалында автоунаа каражатын башкаруу - 518;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 119;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 233;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4084;
- автоээнбаштык - 12;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4200;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 8;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 14 786;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 322 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
