
Ошто кинологдордун мелдеши башталды
Ош шаарындагы Квалификацияны жогорулатуу жана аскерлерди кайра даярдоо борборунун базасында бүгүн, 8-октябрда III ведомстволор аралык кинологдордун мелдешинин ачылышынын салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.
III ведомстволор аралык кинологдордун мелдешине 4 команда катышат. Алар УКМК Чек ара кызматынан, Юстиция министрлиги алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынан, Финансы министрлиги алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынан, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын келишкен.
Мелдештер 8-11-октябрь күндөрү өтөт. Кинологдор жана кызматтык иттер багажда, жүк ташуучу жана жеңил автоунааларда, бөлмөдө баңгизатты издеп табуу боюнча мелдешишет. Мелдештин акыркы этабы "Баш ийүү" деп аталат.