Бишкек-Ош унаа жолунда таш кулап, 10 жаштагы кыз көз жумду
Бишкек-Ош унаа жолунда таш кулап, 10 жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кырсык 29-мартта болжол менен саат 17:00гө жакын катталган.
Бишкек-Ош унаа жолунун 92,7-чакырымында тоодон Mercedes-Benz Sprinter унаасына таш кулаган. Ал унаанын арткы айнегин талкалап, ал жакта отурган 10 жаштаг кызды басып калган.
Кыз алган жараатынан улам жеринде көз жумган.
