ММКФ: 100% ММК компенсациясы боюнча 6 жашка чейинки балдар үчүн дары-дармектер
19 март

ММКФ: 100% ММК компенсациясы боюнча 6 жашка чейинки балдар үчүн дары-дармектер

    Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) 6 жашка чейинки балдар калктын камсыздандырылган категориясына кирерин эскертет. ММК кошумча программасынын алкагында ата-энелер балдарды дарылоого арналган бир катар дары-дармектердин базалык баасынан 100% компенсация ала алышат.

    Ата-энелер үчүн бул эмнени билдирет?

    Эгерде үй-бүлөлүк дарыгер балага аз кандуулук, өпкө, ашказан-ичеги оорулары же дарылоону талап кылган башка ооруларды (мисалы, антибиотиктер, темир препараттары, астмага каршы ж. б.) аныктаса, ал “ММКнын Кошумча программасы боюнча орду толтурулган дары-дармек каражаттарынын маалымдамасына” кирген дары-дармектерге электрондук рецепт жазып берет (https://foms.kg/spavochniki/). Дары-дармектердин наркы базистик баадан 100% га компенсацияланат.

    Жеңилдетилген дары-дармектерди алуу үчүн бир нече шарттар аткарылышы керек:

    1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Үй-бүлөлүк медицина борборунда катталуусу.
    2. Үй-бүлөлүк дарыгерден электрондук рецепт алуу жана ММКФ менен кызматташкан дарыканалардан дары-дармектерди сатып алуу (республика боюнча 1000ден ашык дарыкана). Электрондук рецепт бүткүл өлкө боюнча жарактуу жана чыгарылган күндөн тартып 1 айдын ичинде жарактуу.

    Үй-бүлөлүк медицина борборунда текшерүү, консультация, дарылоо, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча акысыз жүргүзүлөрүн эскертебиз.