Сузак районуна 1 фазалуу 3,7 миң даана акылдуу эсептегич орнотулду
24 февраль

Сузак районуна 1 фазалуу 3,7 миң даана акылдуу эсептегич орнотулду

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы быйылкы жылкы план боюнча районда жалпы  31504 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда.

Анын ичинде бүгүнкү күндө райондо 1 фазалуу  3794 даана, 3 фазалуу  297 даана акылдуу эсептегич орнотту.

Ошондой эле акылдуу эсептегичтердеги маалыматты алып берүү үчүн  трансформаторлорго 60 даана концентратор коюлду.

Жыл аягына чейин Сузак району боюнча   керектөөчүүлөргө 1 фазалуу 27206 даана, 3 фазалуу 207 акылдуу эсептегич жана 650 даана концентратор орнотулат.
Энергетиктер ар бир керектөөчүгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, акылдуу эсептегичтин иштөө тартибин ыңгайлуулугун айтып берүүдө.