Министрлер кабинетинин төрагасы иш сапары менен Мюнхенге барат
8 октябрь

Министрлер кабинетинин төрагасы иш сапары менен Мюнхенге барат

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхен шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) барат.  

Сапардын алкагында ал, Мюнхенде өтүүчү «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.  

Ошондой эле, Мюнхен шаарында болгон учурунда Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле ар кандай ишканаларды кыдырат.  

Маалымат үчүн:

2023-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын июнунда «Кыргызстандын экономика күнү» форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.